• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 04.09.22./Кабар/. Ош облусунда жер титирөө катталды.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 3-сентярбда саат 22:28де катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Алай районунун Арча-Булак, Талды-Суу, Сары-Могол, айылдарында 3 балл, Сары-Таш жана Кара-Кабак айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий