• 84.45
  • 88.96
  • 1.37

Кыргызстанда акыркы суткада 98 адамдан COVID-19 жаңы табылып, эки адам каза болду

934 кароо COVID - 19 0

Бишкек, 02.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда 2-ноябрга карата коронавирус дагы 98 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 38, Чүй облусунда – 36, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 13, Жалал-Абад облусунда – 7, Баткен облусунда – 1 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 79 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде өлкө боюнча COVID-19га каршы эмдөө албагандар арасында 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 681 бейтап, амбулатордук түрдө 752 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 181 миң 425 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 175 миң 795 киши айыгып чыкса, 2 674 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий