• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда алгачкы жолу 3 даражадагы футзал боюнча АФКнын машыктыруучулук курсу өтүүдө

Спорт 0

Бишкек, 04.12.23. /Кабар/. Күн мурун Кыргыз футбол союзунун кеңсесинде Кыргыз футбол союзунун башкы катчысы Нурдин Букуевдин катышуусунда футзал боюнча машыктыруучулар үчүн АФКнын жогорку категориясынын - 3 даражадагы курсунун ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Футзал ассоциациясы билдирет.

Бул курстун инструкторлору - АФК адистери Хоссеин Шамс (Иран) жана Хуссеин Диб (Ливан), фитнес боюнча инструктор - Садех Аманишаламзари (Иран).

Жалпысынан бул курска өлкөнүн бардык аймактарынан 14 машыктыруучу катышып жатат. Окуу 14-декабрга чейин өтөт жана өзүнө бир нече теориялык, практикалык сабактарды камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий