• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда аспиранттардын санынын 60%ын аялдар түзөт — сандар жана фактылар

Коом 0

Бишкек, 10.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын Илим күнү КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-январындагы токтому менен аныкталган жана жыл сайын ноябрда белгиленет. Буга утурлай Улуттук статистика комитети атайын маалыматтарды чогулткан.

Алсак, кыргыз илиминин калыптанышы, согуш мезгилиндеги бардык кыйынчылыктарга карабастан, 1943-жылы башталган жана СССР Илимдер академиясынын Кыргыз филиалы уюштурулган. 1954-жылдын декабрында Фрунзе шаарында, филиалдын базасында Кыргыз ССРинин Илимдер Академиясы түзүлгөн.

Академиянын илимий кызматкерлеринин ошол мезгилдеги саны 203 адамды түзгөн, алардын 12 илимдин доктору, ал эми 83 - илимдин кандидаты.

1993-жылы Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясына жогорку мамлекеттик илимий мекеме статусун берүү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясы болуп кайра түзүлгөн.

2022 - жылы академияда илимий ишмердикти 1 235 адам ишке ашырып, алардын ичинен 125 илимдин докторлору жана 280 адам илимдин кандидаттары болушкан. Кызматкерлердин жалпы санынын 52% аялдар түздү.

Илимий изилдөөлөргө жана иштеп чыгууларга мамлекеттик бюджеттин чыгашалары 2022-жылы 791 млн. сомду түздү жана 2018-жылга салыштырмалуу 19% өскөн.

2022–жылы республикада 69 илимий уюм, анын ичинен жогорку билим берүү секторунун үлүшүнө 33% жана академиялык сектор уюмуна 30% туура келди.

2022-жылы аткарылган илимий-техникалык иштердин жалпы көлөмүндө, алардын эң көп саны (67% ашык) академиялык сектордун уюмдарына туура келди.

2022-жылы илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды аткарган адистердин саны, жогорку кесиптик окуу жайлардын илимий-педагогикалык кызматкерлерин кошкондо, 7 миңден ашык адамды түзгөн.

Илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды аткарган кызматкерлердин жалпы санынын 78% ашыгын изилдөөчү-адистер түзөт, алардын 41% илимдин докторлору жана кандидаттары. Мында алардын гендердик катышы жалпысынан 60% жакынын түзүү менен аялдардын пайдасына түзүлөт.

Республиканын экономикасынын ар кайсы тармактарынын адистерине билим берүү деңгээлин, жогорку кесиптик билим берүүнүн базасында илимий жана педагогикалык квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн аспирантура жана докторантура берет.

Аспиранттардын саны 2022-жылы 2,2 миң адамды түздү, алардын эң чоң үлүшү илимдин медициналык (21%), педагогикалык (16%), экономикалык (11%) жана юридикалык (10%) тармагына туура келди. Докторанттардын саны 236 адам. Аспиранттардын да, докторанттардын да жалпы санындагы аялдардын үлүшү 60% жакынды түздү.

2022-жылы 614 аспирант бүтүрүлүп чыгарылган. Алардын эң көп үлүшү медициналык (23%), экономикалык (11%), педагогикалык жана техникалык (10%) илимдин тармактарына туура келди.

Пикир

Оставить комментарий