• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда бильярд боюнча Дүйнө биринчилиги өтөт

Спорт 0

Бишкек, 18.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында бильярд боюнча Дүйнө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Мелдеш Евразиялык экономикалык биримдик (ЕАЭБ) жөнүндө келишимге кол коюунун 5 жылдыгына жана Евразия интеграциянын 25 жылдыгына арналып өткөрүлөт.

Бильярд боюнча өтө турчу биринчилик 7-августтан 14-августка чейин уланат.

"Эркин пирамида" түрү боюнча 20дан ашык өлкөдөн спортчулардын катышуусу күтүлүүдө.

Мелдешти уюштурууну жана өткөрүүнү Эл аралык пирамида конфедерациясы көзөмөлдөйт.

Пикир

Оставить комментарий