• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда бир сутка ичинде 50 бейтап коронавирустан айыкты. Жалпы 2162

COVID - 19 0

Бишкек, 26.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир сутка ичинде 50 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

"Сутка ичинде Бишкек шаарынан 21, Чүй облусунан 17, Ош облусунан 2, Жалал-Абад облусунан 10 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 2162 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды", - деп билдирди ал.

Каратаев кошумчалагандай, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 250 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 4204кө жетти. Коронавирус жуктурган 43 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий