• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда бир суткада 1863 адам COVID-19га каршы вакцина алды, анын 531 – экинчи доза алгандар

COVID - 19 0

Бишкек, 06.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы 24 саатта 1 миң 868 адам COVID-19га каршы вакцина алды, анын ичинен 531и – экинчи доза алгандар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Аймактарга бөлүп караганда:

- Бишкекте – 39 миң 932 (бир суткада – 851, экинчи доза алгандар – 50);

- Ошто – 9 миң 188 (бир суткада – 271, экинчи доза алгандар - 102);

- Чүй облусунда – 21 миң 706 (бир суткада – 162, экинчи доза алгандар – 96);

- Ош облусунда – 13 миң 699 (бир суткада – 341, экинчи доза алгандар – 146);

- Ысык-Көл облсунда – 10 миң 881 (бир суткада – 55, экинчи доза алгандар – 19);

- Талас облусунда – 4 миң 536 (бир суткада – 16, экинчи доза алгандар – 12);

- Нарын облусунда – 4 миң 718 (бир суткада – 16, экинчи доза алгандар – 16);

- Жалал-Абад облусунда – 13 миң 362 (бир суткада – 163 , экинчи доза алгандар – 70);

- Баткен облусунда – 4 миң 909 (бир суткада – 25, экинчи доза алгандар – 20).

Эскерте кетсек, вакцинага байланыштуу бардык маселелер боюнча төмөнкү номер аркылуу байланышса болот: 0(312) 546521, 0(312) 546104.

Ошондой эле КР Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борбору жана Бишкек шаардык иммунопрофилактика борбору, КР Улуттук Кызыл жарым ай коомунун колдоосу менен коронавирус инфекциясына каршы COVID-19 вакцинасы боюнча Call-борборун түзүштү.

Call-борбор күн сайын 08:00дон 18:00го чейин иштейт.

Жарандар 0312 32-31-27, 0312 54-65-21, 0500 30 32 23, 0500 30 33 43 номерлер аркылуу байланышып, COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүү боюнча суроолоруна жооп ала алышат.

Пикир

Оставить комментарий