• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда бир жумада COVID-19 жуктурган 112 адам ооруканага жаткырылды

COVID - 19 0

Бишкек, 08.08.22. /Кабар/. Кыргызстанда 1-7 август аралыгында коронавирус жуктурган 112 адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирет.

Маалыматка ылайык, акыркы жумада COVID-19дун 895 жаңы учуру катталган.

Анын ичинде:

- 628 адам саламаттыкты сактоо уюмдарына оорунун белгилери менен кайрылышкан;

- 187 адамда COVID-19 өлкөдөн чыгуу учурунда ПЧР-тест тапшырууда аныкталган;

- 13 адам – Россия, Казакстан жана Беларустан келген мигранттар;

- 783 амбулатордук дарыланууда;

- 112 ооруканага жаткырылган.

2022-жылдын 7 ай 7 күнүндө жалпысынан COVID-19дун 19 миң 923 учуру катталса, анын ичинен 17 миң 929 (89,9%) учуру лабораториялык түрдө жана 1 миң 994ү (10,1%) клиникалык-эпидемиологиялык аныкталгандар.

Пикир

Оставить комментарий