• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда бир жумада 16 миңге жакын жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.08.22. /Кабар/. Кыргызстанда бир жумада 15 миң 962 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- ылдамдыкты ашырып айдоо– 3500;
- тиешелүү документи жок унаа башкаруу – 157;
- транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн – 5253;
- инспекторлордун автоунааны токтотуу жөнүндө талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 16;
- автоээнбаштык – 6;
- жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн – 790;
- ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 75;
- жол белгилеринин, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 5052;
- автоунаанын терезелерин караңгылатып айдоо – 36;
- мас абалында рулга отуруу – 229.

Ар кандай эреже бузган 995 унаа айып коргоо жайына токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий