• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Шадиевдин иши каралат

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.11.18 /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда бүгүн мурунку депутат Аскарбек Шадиевдин ишин кароо боюнча соттук процесс башталат.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлагандай, аталган кылмыш иши боюнча бардык материалдар Биринчи май райондук сотуна үстүбүздөгү жылдын 20-октябрында өткөрүлүп берилген.

Шадиевге кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана жоопту кызматта отуруп ири өлчөмдөгү зыян келтиргени үчүн сырттан айып тагылган.

Эске сала кетсек, Шадиев 31-майда Ч.Айтматов атындагы сыйлыкты ыйгаруу үчүн бөлүнгөн 30 миң доллар бюджеттик каражатты ээлеп алуу факты боюнча “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде депутат Шадиевге сыртынан айып тагылган. Ал комитеттин бөлүм башчысы Арсен Закиров камакка алынган.

Кийинчерээк УКМКдан билдиришкендей, Шадиев өлкөдөн чыгып кеткен жана ага карата Интерпол аркылуу издөө жарыяланган.

Борбордук шайлоо комиссиясы 2-ноябрда “Бир Бол” партиясынын депутаты Аскарбек Шадиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Пикир

Оставить комментарий