• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөө алгандардын саны дээрлик 30 миңге жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 01.05.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыры бир күндө 3 миң 551 адам коронавируска каршы эмделди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкө боюнча жалпы 29 миң 948 адам эмделсе, анын ичинен 1309у вакцинанын экинчи дозасын алды.

Аймактар боюнча алганда:

- Бишкекте – 6 760 адам вакцина алды;

- Ош шаарында – 2 781;

- Чүй облусунда – 3 655;

- Ош облусунда – 5 092;

- Ысык-Көл облусунда – 2 507;

- Талас облусунда – 1 358;

- Нарын облусунда 1 183;

- Жалал-Абад облусунда – 5 135;

- Баткен облусунда – 1 477.

Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасын алган.

Ал эми 22-апрелде Россиядан “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы алынып келген.

Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар каттала элек.

Пикир

Оставить комментарий