• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда дагы 33 адамда COVID-19 табылды. Жалпы 2007 учур

COVID - 19 0

Бишкек, 07.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда 7-июнь саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 33 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 2 миң 7 адамга жетти.

"Сутка ичинде Бишкек шаарында - 9, Чүй облусунда - 3, Нарын облусунда - 8, Ош шаарында - 9, Ош облусунда - 3 жана Жалал-Абад облусунда - 1 адамда коронавирус табылды", - дейт Үсөнбаев.

Анын маалыматына караганда, бүгүн катталган 33 учурдун бир учуру сырттан келген, 26сы үй карантининде турган жарандардан табылса (79%), калган 6 учурдун вирус жуктурган булагы тактала элек.

Пикир

Оставить комментарий