• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда дагы 35 адамда коронавирус табылды. Жалпы 830

COVID - 19 0

Бишкек, 04.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда 4-май саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 35 жаңы учур катталды. Алардын ичинен 17 - аял 18 - эркек. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 830 адамга жетти.

"Жаңы учурлар Бишкек шаарында (26), Чүй облусунда (2), Нарын облусунда (1), Жалал-Абад облусунда (5) жана Баткен облусунда (1) катталды", - деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий