• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда гольф спортун өнүктүрүү жолдору талкууланды

Коом 0

Бишкек, 19.02.21. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев “C & K” консалтинг компаниясынын президенти Чжонг Сангхон менен жолукту.

Аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун алкагында Кыргызстанда гольф спортун өнүктүрүү боюнча бир катар маселелер талкууланып, өлкөнүн ички туризмине тийгизге турган таасири тууралуу баарлашуу болду.

Жолугушууга Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев да катышып, Кыргызстандагы гольф оюнунун абалы тууралуу маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий