• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда I жарым жылдыкта камсыздандыруу компаниялардын кирешеси 1,2 млрд сомду түзгөн

Экономика 0

Бишкек, 19.08.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында республиканын экономикасынын финансы секторунда 14 камсыздандыруу компаниясы ишмердигин жүргүздү.

Улуттук статистикалык комитет билдиргендей, алардын кирешелери 2021-жылдын I жарым жылдыгына салыштырмалуу 23% көбөйдү жана 1,2 млрд сомду түздү. Мында, кирешелердин негизги көлөмү (алардын жалпы суммасынын 85%) келип түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебинен алынды.

Үстүбүздөгү жылдын жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча камсыздандыруу компаниялары тарабынан 124 млн. сомго жакын сальдолоштурулган пайда алынды, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 29,5% аз.

2022-жылдын 1-июлуна карата камсыздандыруу компаниялары тарабынан 127,5 миң камсыздандыруу келишимдери түзүлдү. Түзүлгөн келишимдеринин жалпы санынын 86%дан ашыгы жеке жактар менен түзүлгөн келишимдерге туура келди. Муну менен бирге, түзүлгөн келишимдеринин жалпы санынын 65%дан ашыгы ыктыярдуу камсыздандыруунун үлүшүнө туура келди.

Түзүлгөн келишимдер боюнча камсыздандыруу суммасы 2022-жылдын 1-июлуна карата өткөн жылдын тиешелүү күнүнө салыштырмалуу үчтөн бирине көбөйүү менен 809 млрд. сомду түздү. Камсыздандыруу суммасынын эң чоң көбөйүүсү жоопкерчиликти жана жеке ыктыярдуу камсыздандыруу келишимдеринде белгиленди.

Үстүбүздөгү жылдын жарым жылдыгында бир млрд. сомго жакын камсыздандыруу салымдары келип түштү, бул 2021-жылдын I жарым жылдыгына караганда дээрлик 29% көп.

Жылдын башынан тарта 3,7 миң камсыздандыруу учурлары белгиленди, алардын ичинен 57% ыктыярдуу жеке медициналык камсыздандырууга туура келди. Камсыздандыруу төлөп берүүлөрдүн негизги суммалары ыктыярдуу мүлктүк камсыздандырууга (алардын жалпы көлөмүнүн 60,5%) жана жеке медициналык камсыздандырууга (17% ашыгы) туура келди.

Пикир

Оставить комментарий