• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда көбүнчө эркек кишилер жана балдар сууга чөгөт

Коом 0

Бишкек, 10.07.18. /Кабар/. Кыргызстанда жыл башынан бери 57 адам сууга чөккөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйындын жүрүшүндө КР ӨКМдин Жарандык коргонуу жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү боюнча башкаралыгынын жетекчисинин убактылуу милдетин аткаруучу Ырысбек Жолдошбаев билдирди.

Анын айтымында, алардын 38и эркек кишилер, 7 – аялдар, 12 – балдар.

“Туристтик мезгилдин башынан бери 36 адам чөктү, алардын 25и эркек кишилер, үчөө аялдар жана сегизи балдар. Сууга чөгүп каза болгондордун башкы себеби бул – туура эмес жерге сууга түшүү жана техникалык коопсуздук эрежелерин сактабоо”, - деп билдирди Жолдошбаев.

Ошондой эле ал өлкө боюнча жыл башынан бери 87 өзгөчө кырдаал катталгандыгын айтып, андан 7 жаран каза болгондугун кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий