• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 1-март /Кабар/. 2017-жылы 28-февралда жергиликтүү саат боюнча 19:42 де Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун сейсмология станциясы күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөөнү каттады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

УИАнын сейсмология институтунун болжолдуу маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Тажикстандын аймагында жайгашкан.

КРнын калктуу пункттарында жер титирөөнүн активдүүлүгү: Баткен жана Ош облустарында 4 баллга чейин сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Пикир

Оставить комментарий