• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 113 жаңы учур катталды. Жалпы 43 миң 358 учур

COVID - 19 0

Бишкек, 26.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 113 жаңы учур катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 42 учур , Ош шаарында - 3, Ош облусунда - 12, Чүй облусунда - 8, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 16, Жалал-Абад облусунда – 7, Талас облусунда – 1, Баткен облусунда 21 жаңы учур катталды.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 113 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 43 миң 358ди түзөт. Алардын ичинен 37 миң 217 киши айыгып чыкты, 1 миң 58 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий