• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын 16,8 %ы - медиктер

COVID - 19 0

Бишкек, 03.08.20. /Кабар Кыргызстанда жалпы COVID-19 коронавирустук инфекциясына чалдыккандардын 16,8%ы – медиктер. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, COVID-19 аныкталган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 2 миң 829ду түзөт. Бул өлкөдөгү илдетке кабылгандардын санынын 16,8 пайызын түзөт.

“Алардын ичинен дээрлик жарымы орто медперсонал – 43,7 пайыз. Алар - санитардык дарыгерлердин, эпидемиологдордун жардамчылары, лаборанттар, медайымдар. 34,7 пайызы – дарыгерлер, 11 пайызы кичи медперсонал, 10,6 пайызы - айдоочулар, программисттер, жана башкалар”, - деди ал.

Оору жуктуруп алган медкызматкерлердин орточо жашы 45 жашты түздү. Алардын ичинде 23 жаштан 69 жашка чейинки медкызматкерлер бар.

“Жалпы оору жуктуруп алган медицина кызматкерлеринин 85 пайызы аял кишилер болсо, 15 пайызы эркек кишилер. Алардын 64 пайызы аймактык ооруканалардагы кызматкерлерге туура келсе, 11%ы - Үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун кызматкерлери, ал эми 14%ын – Санитардык-эпидемиологиялык кызматынын кызматкерлери түздү. Аймактар боюнча алып карасак, Бишкекте ооруну жуктуруп алган кызматкерлердин саны 33,7 %ды, Чүй облусунда – 19,8%, Ошто – 13,8%, Ош облусунда – 8,7%, Баткен облусунда – 6,6%, Жалал-Абад облусунда – 5,8%, Нарын облусунда – 5,4%, Ысык-Көл облусунда – 4,7%, Талас облусунда 1,6%ды түздү”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий