• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 90,6 миңден ашты

COVID - 19 0

Бишкек, 15.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда өткөн суткада 3 миң 850 адам коронавируска каршы вакцина алды, анын 3 миң 298ине экинчи доза сайылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкө боюнча коронавируска каршы вакцинаны жалпы 90 миң 612 адам алды, анын ичинен 59 миң 893ына экинчи доза сайылды.

Аймактар боюнча алганда:

- Бишкекте – 21 миң 671;

- Ошто – 7 миң 732;

- Чүй облусунда – 15 миң 652;

- Ош облусу – 12 миң 095;

- Ысык-Көл облусу – 8 миң 337;

- Талас облусу – 4 миң 502;

- Нарын облусу – 4 миң 620;

- Жалал-Абад облусу – 11 миң 876;

- Баткен облусу – 4 миң 127.

Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасын алган.

Ал эми 22-апрелде Россиядан “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы, 10-майда дагы 20 миң дозасы алынып келген.

Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар каттала элек.

Пикир

Оставить комментарий