• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирустан жалпы 1933 адам айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 18.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир сутка ичинде 32 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Сутка ичинде Бишкек шаарынан 11, Чүй облусунан 12, Жалал-Абад облусунан 1, Баткен облусунан 1, Ош облусунан 4, Ош шаарынан 3 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 1933 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды", - деп билдирди ал.

Үсөнбаев кошумчалагандай, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 95 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 2657ге жетти. Коронавирус жуктурган 31 адам (+1 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий