• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда мектеп жана бала бакчалар тогуз күн иштебейт

Коом 0

Бишкек, 27.04.22. /Кабар/. Кыргызстанда билим берүү уюмдары 1-майдан 10-майга чейин иштебейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР министрлер кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги №212 токтомуна ылайык беш күндүк окуу аптасы боюнча иштеген бардык мамлекеттик жана муниципалдык жалпы орто билим берүү уюмдары (мектептер), мектепке чейинки билим берүү уюмдары (бала бакчалар) жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары үчүн 2022-жылдын 1-майынан 10-майына чейин дем алыш күндөрү деп жарыяланды.

Беш күндүк окуу аптасы боюнча иштеген билим берүү уюмдарында 4-майда өтүлүүчү сабактар 30-апрелде, 6-майдагы сабактар –14-майда өтүлөт.

Ошондой эле 2, 3, 5 жана 9-майга туш келип, өтүлбөй калган сабактарды мектептердин администрациялары жакынкы күндөргө сабактардын кошумча жүгүртмөсүнө киргизүүгө тийиш.

Беш күндүк окуу аптасы боюнча иштеген жеке менчик билим берүү уюмдарынын жетекчилигине окуу процессин жогоруда көрсөтүлгөн токтомго ылайык уюштуруу сунушталат.

Пикир

Оставить комментарий