• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда орточо айлык акы 32 миң 142 сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 15.01.24. /Кабар/. 2023-жылы январь-ноябрда номиналдуу орточо айлык акы 32 миң 142 сомду түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү 20,6%ды түзгөн.

Ал белгилегендей, айлык акылардын өсүүсү мамлекеттик башкаруу, коргоо, социалдык камсыздоо, суу менен камсыздоо жана тазалоо чөйрөсүндө, ошондой эле кыймылсыз мүлктү алуу-сатуу, дүң жана чекене сатуу, унааларды дана мотоциклдерди оңдоо, курулуш жана маалымат чөйрөлөрүндө байкалган.

Пикир

Оставить комментарий