• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда Палестинанын элчилиги ачылат

Саясат 0

Бишкек, 28.08.23. /Кабар/. Бишкекте Палестинанын элчилиги ачылат. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Палестинанын тышкы иштер жана экспатрианттар министри Рияд Аль-Малики менен болгон эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул процессте Палестина тарапка керектүү жардам көрсөтүүгө даяр.

“Ошол эле учурда кыргыз тарап өз элчиликтеринин бирин айкалыштыруу жолу менен Палестинада аккредитациялоону көздөөдө”, - деди Кулубаев.

Пикир

Оставить комментарий