• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда сүйүшкөндөр күнүндө 55 түгөй баш кошту

Коом 0

Бишкек, 15.02.23. /Кабар/. Кыргызстанда 14-февраль - сүйүшкөндөр күнүндө 55 түгөй баш кошту. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкектеги Борборук бакыт үйүндө 9 жуп, ал эми борбор калаанын райондорунда 10 түгөй никесин каттаган. Бул күнү Баткен облусунда 8 түгөй, Жалал-Абад облусунда - 5, Нарын облусунда - 3, Ош облусунда – 14, Талас облусунда – 1 жана Ысык-Көл облусунда 5 түгөй баш кошуу үчүн арыз беришкен.

Пикир

Оставить комментарий