• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Министр Таалайбек Ибраев энергетиктерди жоопкерчилик менен иштөөгө чакырды

Коом 0

Бишкек, 15.02.23. /Кабар/. Энергетика министри Таалайбек Ибраев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында 14-февралда "Талас электр тармактары" ишканасынын жамааты менен жолугушту.

Энергетика министрлигинен кабарлашкандай, жолугушууга ошондой эле "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын башкы директору Алтынбек Рысбеков да катышты.

Жыйындын алкагында аталган компаниянын жетекчилиги 2022-жылдагы жасаган жумуштарынын отчету тууралуу маалымат берип, 2023-жылга коюлган пландарын айтып өттү.

"Министр элди үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн бир катар тапшырмаларды коюп, өзгөчө техникалык чараларга көңүл бөлүүнү, бардык зарыл болгон запастык тетиктер менен камсыз кылууну баса белгилеп, тиешелүү адистерге 2023-жылдын октябрь айына чейин бүткөрүүгө тапшырма берди", - деп айтылат билдирүүдө.

Таалайбек Ибраев энергетиктер менен болгон суроо-жооптон соң, калкты үзгүлтүксүз сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу энергетиктердин милдети экенин баса белгилеп, кызматкерлерди жоопкерчилик менен иштөөгө чакырды. Кызматкерлерге штаттан тышкаркы абал жаралган учурда, ыкчам аракеттерди көрүү керектигин билдирди. Мындан тышкары, генерацияны көбөйтүү, инвестор тартуу, жашыл энергетикага көңүл бөлүү, акылдуу эсептегичтерди орнотууну тездетүү ж.б. маселелер каралды.

"Барган сайын электр энергиясын керектөөчүлөрдүн саны көбөйүдө. Биз калкка үзгүлтүксүз электр энергиясын берүүгө даяр болушубуз керек. 2023-2024-жылы күз-кыш мезгилинде электр энергиясы үзгүлтүккө учурабашы үчүн ар бир РЭТте бештен авариялык запастык трансформатор болушу керек", - дейт министр.

Жыйындын соңунда министр январда болгон катуу суукта калкка үзгүлтүксүз электр энергиясын берүү үчүн штаттык режимде иштеп, күнү-түнү кызмат кылган ишкананын жалпы жамаатына ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий