• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда сасык тумоо жана коронавирус менен ооругандардын саны азаюуда

Ден соолук 0

Бишкек, 25.03.24. /Кабар/. Кыргызстанда сасык тумоо менен КРВИ, ошондой эле коронавирус менен ооругандардын саны азаюуда. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Ыкчам маалыматка ылайык, 2024-жылдын 12-жумасында (18.03-25.03.24-ж.) республика боюнча КРВИ жана сасык тумоонун 4058 учуру катталып, мурунку жумага салыштырмалуу 35%га төмөндөдү. Ооругандардын ичинен 70%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт.

Октябрдан тарта 1 миң 925 бейтаптан анализ алынды, лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча эпидсезон сасык тумоонун А/Н3N2 түрү менен негизделет.

“Мындан сырткары, курч респиратордук вирустук инфекциялардын циркуляциясы да байкалууда, алардын ичинен көбүрөөк риновирус 32,1%, респиратордук-синцитиалдык вирус 24,8%, парагрипп 16,8% жана башка вирустар 26,3% түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абалга мониторинг жүргүзүү уланууда, акыркы жумада 8 учур аныкталып, анын 4 учуру Бишкекте, 3 учуру Ош шаарында, бир учуру Ош облусунда катталган.

Республика боюнча сасык тумоо, КРВИ жана COVID-19 оорусуна мониторинг жүргүзүү улантылууда, эпидемиологиялык абал көзөмөлдө.

Пикир

Оставить комментарий