• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык боксчулар Россиядагы дүйнө кубогуна катышууда

Спорт 0

Бишкек, 25.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасы эркектер жана кыз-келиндер арасындагы Ф.К. Салмановдун жаркын элесине арналган ХХ дүйнө кубогуна катышууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Кубок Россиянын Нижневартовск шаарында 25-29-март күндөрү өтөт.

\

Курама команданын тизмеси:
- 51 кг Бекзат Эргешов;
- 57 кг Ислам Төрөбаев;
- 60 кг Рысбек Бектенов;
- 67 кг Аскат Култаев, Оомат Элчоро уулу;
- 75 кг Султан Асканкул уулу;
Кыз-келиндер арасында:
- 54 кг Шахриза Халилова.

Курама команда машыктыруучу Темирлан Осмоновдун жетекчилиги алдына мелдешке катышып жатат.

Бүгүн рингге төмөнкү салмак категорияларында беттештер өтөт:
54 кг
- Шахриза Халилова (Кыргызстан) - Валерия Линькова (Россия);
57 кг
- Ислам Төрөбаев (Кыргызстан) - Дмитрий Спивак (Россия);
60 кг
- Рысбек Бектенов (Кыргызстан) – Муса Мурзаев (Россия);
67 кг
- Аскат Култаев (Кыргызстан) - Карен Соловьев (Россия).

Пикир

Оставить комментарий