• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде 2 медкызматкер коронавируска кабылды

COVID - 19 0

Бишкек, 29.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунда бир, Жалал-Абад облусунда бир медик ооруп калган.

"Ал эми бир суткада ооруканалардан 7 медкызматкер жана үй карантининен 9 медкызматкер айыгып чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 миң 243 учур катталды, алардын ичинен 2 миң 992 медкызматкер айыгып чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 29-сентябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуккан 167 жаңы учур катталып, илдет жуктурган учурлардын саны 46 миң 522ге жетти. Алардын ичинен 42 миң 761 киши айыгып чыкты, 1 миң 64 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий