• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзгөчө абал. Бишкектиктер кырдаалдын олуттуулугун аягына чейин түшүнбөй жатышат – вице-премьер

COVID - 19 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Бишкекте жашоочулар карантинге карабастан, өзгөчө муктаждык жок эле көчөгө чыгууда. Бул тууралуу КРнын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, кечээ өкмөт укук коргоо органдары жана шаар коменданты менен биргеликте адамдардын кыймылына көзөмөлдү күчөтүүнү чечти.

“Бүгүндөн тарта шаар боюнча 410 жөө патруль кыдырууда. Алар тамак-аш, жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздалат. Бишкектиктер өлкөдө коронавирустун жайылуу коркунучунун олутуулугун сезбестен, өзгөчө муктаждык жок эле көчөгө чыгышууда”, - деди Боронов.

Белгилей кетсек, учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 94кө жетти. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда үч адам коронавирустан айыгып чыккан.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий