• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 377 адамдан табылып, 5 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 27.11.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 377 адамдан табылып, 5 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус 100 адамдан, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда – 127, Ош облусунда – 26, Талас облусунда – 15, Нарын облусунда – 13, Ысык-Көл облусунда – 36, Жалал-Абад облусунда – 22, Баткен облусунда 30 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 402 адам коронавирустан айыгып чыккан. “Бишкекте – 122, Ош шаарында – 17, Чүй облусунда – 75, Ош облусунда – 44, Талас облусунда – 11, Нарын облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 26, Жалал-Абад облусунда – 48, Баткен облусунда 49 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Акыркы күн ичинде COVID-19 илдетинен 5 адам каза болгон: Бишкекте – 4 адам, Нарын облусунда – 1 киши. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 875 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 698 бейтап дарыланууда.

“Бир күн ичинде өлкө боюнча 7 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 4, стационардан 4 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 3 миң 865 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 576 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 71 миң 548 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 62 миң 946 киши айыгып чыкса, 1 миң 256 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий