• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте жасалма мамлекеттик номер тагып жүргөн айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.11.20. /Кабар/. Бишкекте жасалма мамлекеттик номер тагып жүргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 27-ноябрда Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 05:20 чамасында Ж.Пудовкин жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен "Mitsubishi Space Star" үлгүсүндөгү автоунааны жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотушкан.

Кызматкерлердин автоунаанын керектүү документтерин кыраакы текшерүү учурунда, 18 жаштагы Ш.А. аттуу айдоочу автоунаасынын мамлекеттик номери бар туруп, анын үстүнөн жасалма номерди тагып алгандыгы белгилүү болгон.

Бул факты боюнча автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, айдоочусу Октябрь райондук ИИБнын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий