• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өзбекстанда пандемияга карабай 21 млн долларга «кооз» автономерлер сатылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.11.20. /Кабар/. Акыркы 10 айда Өзбекстандын онлайн-аукциондорунда 21 миллион долларга 80 миң “кооз” номер сатылды. Бул тууралуу Өзбекстандын республикалык товар-сырье биржасы кабарлады.

Маалыматка караганда, пандемияга карабай, автономерлерди сатуу 2,6 эсеге өскөн. Бир келишимдин орточо баасы 250 долларды түзгөн. Аукциондо номердик белгилердин эң арзаны 43 долларга, эң кымбаты 18 миңге жакын долларга сатылган.

Ай башында өзбек өкмөтү алты ай ичинде аукциондо сатылбаган “кооз” номерлердин баасын төмөндөнтүү боюнча чечим кабыл алган.

2019-жылы Өзбекстандын онлайн-аукциондорунда 15 миллион долларга “кооз” номерлер сатылганы айтылган.

Пикир

Оставить комментарий