• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде 63 адам коронавируска кабылып, 43ү айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 13.03.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 63 адамдан табылып, 43ү айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 26 адамдан, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 20, Ош облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 1, Нарын облусунда – 4 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 43 адам коронавирустан айыгып чыккан. “Бишкекте – 17, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 11, Ош облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 6, Нарын облусунда 2, Баткен облусунда – 4 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгон учур катталган жок.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 318 бейтап, амбулатордук түрдө 272 адам дарыланууда.

"Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учур катталган жок. Пандемия башталгандан бери 4 миң 207 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 195 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 818 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 809 киши айыгып чыкса, 1 миң 480 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий