• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда тигүүчүлөр жетишсиз – эмгек акы айына 90 миң сомго жетет (жаңыланды)

Экономика 0

Бишкек, 25.04.23. /Кабар/. Кыргызстанда тигүү тармагындагы адистердин жетишсиздиги байкалууда - 500 жана 1000 жумушчу оруну бар ишканалар бош турат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Талантбек Жекшенов билдирди.

Анын айтымында, кадрлардын жетишсиздиги квалификациялуу адистердин аздыгы менен байланыштуу.

“Биздин өлкөдө тигүүчүлөр көп, бирок алардын квалификациясы Казакстан менен Россияга продукциясын экспорттогон ири иш берүүчүлөргө туура келбейт. Бүгүнкү күндө алардын чоң көлөмдөгү бурюртмалары бар, бирок жумушчулар жок. Министрликтин жетекчилиги жакында бул маселени Жеңил өнөр жай ассоциациясы менен талкуулап, жумушчуларды окутууга жана ишке орноштурууга багытталган программаны иштеп чыгууга киришти.

Ал кошумчалагандай, “Текстильтранс” учурда Бишкек жана Ош шаарларындагы ишканаларына жумушчуларды издөөдө жана кызматкерлерди окутуу, жатакана жана тамактануу менен камсыз кылууну убадалап жатат.

Талантбек Жекшеновдун айтымында, жаңы ишке орношкондор айына 25 сомдун тегерегинде алса, ал эми тажрыйбалуу адистер айына 80-90 миң сомдон алат.

Пикир

Оставить комментарий