• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда туристтин паспорту пайда болду – ал эмне үчүн керек?

Коом 0

Бишкек, 27.06.19. /Кабар/. Кыргызстанда туристтин паспорту пайда болду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова билдирди.

Анын айтуусунда, 26-апрелде жайкы туристтик мезгилге даярдык көрүү боюча план бекитилген.

"Ал планда 31-майга чейин туристтин паспорту системасын киргизүү пункту бар. Аталган система учурда киргизилди. Биздин өлкөгө кирген ар бир чет элдик турист туристтин паспортун акысыз алат", - деп билдирди Кенжематова.

Туристтин паспортунда QR-код бар, чет элдик коноктун уюлдук телефонуна Кыргызстандагы туристтик жайлар тууралуу заматта маалыматтар келип турат.

"Туристтин паспорту Кыргызстан үчүн абдан керек, андан тышкары ал туристтердин коопсуздугун камсыз кылууда да зарыл. Кыргызстанга келген туристтин кайсыл жерге барып, кандай кызматтардан колдонгондугун көрсөк болот. Анын негизинде анализдерди жүргүзө алабыз", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий