• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда вакцинанын биринчи дозасын 318 миң, экинчи дозасын 103 миң жаран алды

COVID - 19 0

Бишкек, 23.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 318 миң, экинчи дозасын 103 миң 941 жаран алды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, өлкө аймагында жалпы 847 эмдөө пункту ачылган. Эскерте кетсек, 11-июлда Кыргызстанга Кытайдан “Синофарм” вакцинасынын 1,2 млн дозасы келип, аймактарга бөлүштүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий