• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдарга ыкчам даярдык күчөтүлөт — ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 15.02.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөдөгү табигый жана техногендик кырсыктарда кырдаалга ыкчам чара көрүү потенциалын жогорулатуу багытында иш алып барууну күчөттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетов ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун бул жаатта алып барып жаткан иштери менен жакындан таанышып, борбордун өзгөчө кырдаалдардагы алгоритми, даярдыгын текшерди.

Анын ичинде эң маанилүүсү мүмкүн боло турган кырсыктардын алдын алуу, жер титирөө, сел, жер көчкү өндүү кырсыктарда калкка маалыматты жеткирүү, кабарлоо системасын жакшыртууга күч жумшалат.

Ошону менен катар министрдин биринчи орун басары өлкөдөгү соңку жер титирөөдө жана Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырсыктардын негизинде келтирилген айрым кемчиликтерге токтолуп, жоюу боюнча кечиктирилгис тапшырмаларды койду.

Мындан сырткары, борбордун күнү-түнү жарандардын чалуусуна жооп берип, кырсык катталган аймакка ыкчам түрдө 101, 102,103, 161 кызматтарын жөнөтүп, суроолоруна жооп берип турган 112 кызматын тажрыйбалуу кадрлар менен камсыз кылуу талабы коюулду.

Ага катар эми борбордун техникалык мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу менен калкка жөнөкөйлөтүлгөн байланыш жолдорун иштеп чыгууга басым жасалат.

Пикир

Оставить комментарий