• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда жакында жалаң аялдар калат, генофонд коркунучта - уролог

Коом 0

Бишкек, 08.10.18. /Кабар/. Коомдо эркектин ролу чукул түшүп кетти, ал өзүн жоготуп, коомдун күчтүү мүчөсүнөн алсыз мүчөсүнө айланды. Бул тууралуу тегерек үстөлдүн жүрүшүндө Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан сырткары башкы урологу, профессор Акылбек Усупбаев билдирди.

Анын айтымында, ал Кыргызстандын башкы урологу катары эркектердин ден соолугуна көңүл бурууну каалаган.

"Эркектин ден соолугу дагы азыркы учурда аябай көйгөйлүү. Мамлекеттик деңгээлде бир нече түрдүү улуттук программалар бар. Мисалы, энени жана баланы коргоо боюнча, репродуктивдүү ден соолук маселелери боюнча. Бирок анын эч жеринде эркектердин көйгөйлөрү айтылбайт. Эркектин коомдогу ролу чукул түшүп кетти, ал өзүн жоготуп, коомдун күчтүү мүчөсүнөн алсыз мүчөсүнө айланды. Аялдарга салыштырмалуу эркектердин орточо жашоо узактыгы кыскарды. Жыл өткөн сайын бул процесс күчөп бара жатат. Эгер бул көрүнүш улана берсе Кыргызстанда жакында аялдар эле калат. Улуттун генофонду коркунучта, биз аны куткарышыбыз керек", - деди Усупбаев.

Пикир

Оставить комментарий