• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын Италиядагы элчиси IFAD президентине ишеним грамотасын тапшырды

Коом 0

Бишкек, 26.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 25-октябрында Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев Айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча эл аралык фондунун (IFAD) президенти Жилбер Унгбого ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ишеним грамотасын тапшыруу аземинен кийин IFADдин Римдеги штаб-квартирасында IFADдин президенти менен жолугушуу өткөрүлдү, анын жүрүшүндө Т.Базарбаев Кыргызстандын IFADдагы туруктуу өкүлүнүн милдетин аткарууга даяр экендигин айтты.

Ал Кыргызстандын IFAD менен өз ара аракеттенүүсү боюнча зарыл иштерди, ошондой эле 2030-жылга чейин Туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашыруунун негизги багыттарынын бири катары айыл тургундарынын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган долбоорлорду ишке ашырууну улантуунун кыргыз тарап үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жооп катары Ж.Унгбо IFAD Кыргызстан менен туруктуу негизде кызматташууга жана IFAD аркылуу Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан түрдүү долбоорлордун алкагында кызматташууну улантууга даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий