• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда жумушсуздардын саны азайды

Коом 0

Бишкек, 28.02.23. /Кабар/. Кыргызстанда жумушсуздардын саны кыскарды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР Эмгек, моциалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда 2023-жылдын 1-январына карата жумуш издеп мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматында каттоодо турган жумушсуздардын саны 98,8 миң адамды түзүп, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,6%га азайган, анын ичинен катталган жумушсуздар 74,7 миң адамга, же 1,7%га аз.

Жалпы жумушсуз катары катталгандардын ичинен 44,3%ы аялдар.

Жалпы жумушчу күчүндө катталган жумушсуздуктун деңгээли 2,8 пайызды түздү.

Пикир

Оставить комментарий