• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Жалал-Абад мэри шаар көчөлөрүн кыдырып, жетекчилерге тапшырмаларды берди

Аймак 0

Бишкек, 28.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 28-февралда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков шаардын Достук, Спутник аймактык башкармалыктарын кыдырды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Калаа мэри 2023-жылы курулуш жүргүзүлүүчү объектилер жана тазалык, көрктөндүрүү маселери боюнча жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берди.

Алдыда мындай кыдыруу Спутник аймактык башкармалыгынын калган бөлүгүндө жана Ч.Айтматов, Т.Тайгараев аймактык башкармалыктарында да улантылат.

Пикир

Оставить комментарий