• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда жыгач материалдарын экспорттоого тыюу салуунун мөөнөтү узартылды

Экономика 0

Бишкек, 14.02.23. /Кабар/. 15-февралдан тарта Кыргызстанда жыгач жана жыгач материалдарын экспорттоого тыюу салуунун мөөнөтү узартылды. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койду.

ЕАЭБ өлкөлөрүнөн тышкары экспортко чектөө алты ай күчүндө болот. Мамлекеттик бажы кызматына жана Чек ара кызматына аталган товарларды мыйзамсыз алып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүү тапшырылды.

Эске салсак, жыгач жана жыгач материалдарын экспорттоого алты айлык мөөнөткө тыюу салуу былтыр август айында киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий