• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда жыл башынан бери жол кырсыгынан 40 бала каза болгон

Кырсык 0

Бишкек, 23.08.23./Кабар/. Кыргызстанда жыл башынан бери 900дөн ашуун жол кырсыгы катталып, анын 416сы жаш балдардын катышуусунда болгон. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын кесепетинен 40 база каза болуп, миңден ашыгы жабыркаган.

"Талдоо көрсөткөндөй жол кырсыктарынын эң көп кездешкен себептери айдоочулардын каршы тилкеге чыгуусу жана ылдамдыктан ашып кетүүсү болгон. Жүргүнчү балдар жөө жүргүнчүлөргө караганда көп каза болушат", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, жыл башынан бери жол кырсыгынан курман болгон жаш өспүрүмдөрдүн санынын 53%ын унаа ичинде жүргүнчү катары бара жаткан жаш өспүрүмдөр түзөт.

Жыл башынан бери өлкөдө жашы жете элек жүргүнчүлөрдүн катышуусунда 416 жол кырсыгы катталган. Ар бир окуяда коопсуздук курлары жана балдарды коргоочу шаймандардын жоктугу же аларды колдонуу эрежелерин бузуу катталган. Анын кесепетинен 22 бала каза болуп, 500дөн ашуун бала жаракат алган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы төмөнкү учурларда 12 жашка чейинки балдарды ташууга тыюу салынарын эскертет:

- мотоциклдин артында;

- борттук платформасы бар жүк ташуучу унаанын кузовунда;

- жеңил автомобилдин алдыңкы отургучунда, баланын боюна жана салмагына ылайык келген балдарды кармап туруучу атайын түзүлүш жок болгон учурда.

Балдарды кармоочу түзүлүштөрдү орнотуу жана аларга балдарды жайгаштыруу транспорт каражаттарын жана кармоочу түзүлүштөрдү эксплуатациялоо боюнча колдонмонун талаптарына ылайык жүргүзүлүүгө тийиш. Унаа отургучтары жана балдарды кармап туруучу атайын түзүлүштөр балдардын өмүрүн жана ден соолугун сактайт.

Пикир

Оставить комментарий