• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык баскетболчулар Кытайдагы Дүйнө биринчилигине катышат

Спорт 0

Бишкек, 02.10.19. /Кабар/. Баскетболдун 3Х3 түрү боюнча Кыргызстандын курамасы Кытайда өтө турган Дүйнө биринчилигине (U-23) катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Турнир 2-6-октябрь күндөрү Кытайдын Ланьжоу шаарында өтөт.

Кыргызстандын атынан машыктыруучу Пехов Евгений баштаган Бардашов Федор, Демченко Роман, Чолонбаев Азим, Атабеков Өмүрбек катышат.

Баскетболчуларга Спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекция тарабынан 279 миң сом бөлүнгөн.


Пикир

Оставить комментарий