• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарында Жеңиш күнүнө арналган футболдук мелдеш өттү

Спорт 0

Бишкек, 10-май /Кабар/. Кечээ, 9-майда, Нарын шаарында Жеңиш күнүнүн урматына өткөрүлүп жаткан спорттун кичи футбол түрү боюнча мелдеш жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Нарын шаардык мэриясы жана шаардык дене-тарбия, спорт жана жаштар бөлүмү тарабынан уюштурулган мелдешке шаардын 5 аймагынан жана Ат-Башы, Ак-Талаа райондорунун оюнчулары катышышты.

Эки күнгө созулган мелдештин жыйынтыгында 1-орунга Нарын шаарынын Москва аймагынын футбол командасы чыгып 30 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болушса, 2-орунду Борбордук аймактын оюнчулары утуп 20 миң сом, ал эми 3-орунга ­­­­­­Ак-Коргон-Төш-Булак аймагынын оюнчулары чыгып 10 миң сом сыйлыкка ээ болушту.

Мындан сырткары, мелдешке катышкан башка командаларга жана командалардын мыкты деп табылган оюнчуларына да акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземине Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов, Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ботоканов, Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Ж.Ибраева, «Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын директору Ж.Бектурганов, спорт ышкыбоздору, шаар тургундары жана башка меймандар катышышты.

Белгилей кетсек, спорттук мелдештин башкы демөөрчүсү болгон «Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын байге фонду 100 миң сомду түздү.

Пикир

Оставить комментарий