• 88.68
  • 95
  • 0.95

UWW президенти: Кыргызстандын дүйнө чемпионатын өткөрүүсүнө каршы эмесмин

Спорт 0

Бишкек, 21.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бириккен күрөш дүйнөсүнүн президенти (UWW) Ненад Лалович Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандын күрөш боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүүсү боюнча пикирин билдирди.

Ал Кыргызстанда күрөш боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүүгө каршы эместигин белгилеп кетти.

"Бирок шарт барбы? Дүйнө биринчилигин өткөрүүгө ылайыктуу зал керек. Чынын айтсам, бул мелдешти өткөрүүгө кызыкдар тарап, талапкер-өлкөлөр көп", - деди ал.

Ненад Лалович белгилегендей, Кыргызстанда дүйнө чемпионатын өткөрүү үчүн ылайыктуу шарт түзүлүшү керек.

Эскерте кетсек, 19-26-июнь күндөрү Bishkek Arena муз аянтчасында эркин, грек-рим жана кыз-келиндер арасында күрөш боюнча U-17 жана U-23 Азия чемпионаты өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий