• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын кубогунун жарым финалынын жооптук беттештери өтөт

Спорт 0

Бишкек, 13.07.23. /Кабар/. Келе жаткан дем алыш күндөрү футбол боюнча Кыргызстандын кубогунун жарым финалынын жооптук беттештери орун алат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

15-июлда Кант шаарынын «Борбордук» стадионунда «Мурас Юнайтед» жана «Кара-Балта» командалары кез келет. Анда жалал-абаддык команда номиналдык оюн талаа ээси катарында ойнойт.

Эске салсак, биринчи жолугушууда «Кара-Балта» өз стадионунда атаандашка 1-4 эсебинде утулуп калган.

16-июлда Ош шаарынынын Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадионунда «Алай» жана «Абдыш-Ата» клубтары беттешет. Командалар ортосунда Кант шаарында өткөн жарымфиналдын биринчи беттеши голсуз тең чыгуу менен аяктаган.

Аталган чечүүчү жолугушуулар кубоктун финалисттерин аныктайт.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын кубогунун беш жолку жеңүүчүсү жана учурдагы ээси «Абдыш-Ата» болуп саналат.

Оюндар «Кыргыз спорт» телеканалына аркылуу түз алып көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий