• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык спортчулар самбо боюнча дүйнө чемпионатында 17 медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 18.10.22. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар самбо боюнча дүйнө чемпионатында 17 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 13-16-октябрь күндөрү Ереван шаарында өттү. Анда кыргызстандык спортчулар 17 медаль: 1 алтын, 6 күмүш жана 10 коло утту.

Аталган мелдешке Кыргызстандын атынан жалпы 34 спортчу улук машыктыруучулар Анара Жумали кызы, Илгиз Каналбек уулу, Кулумбек Эстебесов, Баатыр Байшериев жана башкы машыктыруучу Азамат Казакбаевдин жетекчилиги алдында катышты.

Мелдештер кадеттер, жаштар жана өспүрүмдөр арасында өттү. 88 кг салмакка чейинки категорияда Артур Сансызбеков дүйнө чемпиону болду. Ал эми Кималь Оболбеков (53 кг), Байэл Жакшылыков (79 кг), Нурмухаммед Муратов (71 кг), Алай Сартов (71 кг), Алымбек Адил уулу (98 кг) жана кыз-келиндер арасында 72 кг салмакта Акмаржан Турдажиева күмүш байгенин ээси болду.

Ошондой эле Темирлан Уланбек уулу (58 кг), Мунарбек Бахтияр уулу (64 кг), Талип Касымбаев (79 кг), Берик Бараканов (58 кг), Даниел Асеков (58 кг), Нурбеков Эрмек (64 кг), Кансултан Сапарбеков (88 кг), Бекбол Назаркулов (+98 кг) жана кыздар арасында Канышай Аманкулова (50 кг), Амина Токтосунова (41 кг) коло байгенин ээлери болушту.

Пикир

Оставить комментарий