• 88.68
  • 95
  • 0.95

Азия кубогу - 2024: Тандоо этабына Кыргызстандан сырткары 30 курама катышмай болду

Спорт 0

Бишкек, 18.04.23. /Кабар/. 2024-жылы өтө турган футзал боюнча Азия кубогуна тандоо этабынын катышуучулары белгилүү болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Тандоо этабына 31 курама команда катышууну ырастады.

Алардын ичине Кыргызстан, Афганистан, Австралия, Бахрейн, Бруней, Камбоджа, Кытай, кытайлык Тайбэй, Гонконг, Индия, Индонезия, Ирак, Иран, Япония, Түштүк Корея, Кувейт, Ливан, Макао, Малайзия, Мальдив аралдары, Монголия, Мьянма, Непал, Палестина, Сауд Аравия, Тажикстан, Таиланд, Чыгыш Тимор, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Вьетнам.

Тандоо оюндары ушул жылдын 2-13-октябрь аралыгында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий